⏳ 13-ноябрь
✍️ К. Иманалиев
📌”Коркут ата”
🕟 саат 18:30 башталат.
📖 Бул- тогузунчу кылымда жашаган даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы күүчү Коркут ата жөнүндөгү спектакль. Ал,түрк тилдүү-түркмөн , азербайжан,казак, өзбек, түрк ж.б элдердин арасында кеңири тарап, уламышка айланган инсан. Коркут ата, кыргыз элинин: “Күүнүн башы Камбаркан” деген сыяктуу, алгач комуз жасап күү черткен Камбар атадай эле, өзү жасаган кыл кыягы менен тарыхта калгандыгы белгилүү. Анын руханий жашоо-турмушу, түбөлүктүүлүк тууралуу философиялык ой-толгоолору күүлөрүндө, ырлары , дастандарына кылымдар бою жаңырып келген . Спектаклде, анын чыгармалары кантип жаралып, уккан элдердин эсинде кантип түбөлүк өчпөс болуп калгандыгы, анын чыгармачылык изденүүгө толгон татаал жашоосу баяндалат.