Спектакль эки курбу, сырдаш, туздаш болгон актрисалардын тагдырын камтыйт. Ал экөө тең театрга тагдырын байлаган, кезинде сахна ханышасы болушкан актрисалар. Жыл өткөн сайын жаңы актрисалардын келиши менен алар спектаклдерде роль жаратпай, үйдө гана отуруп калышат.Бул алар үчүн оор сокку болот. Окуя убагында сахна жылдызы болуп жүргөн актрисалардын баштарынан өткөн окуялары, жеке инсандык трагедиялары менен баяндалат.