К.Иманалиев "Керээз"

О мероприятии

🗓️1-ноябрда 

📜К.Иманалиев
“Керээз” спектакли 
⏳саат 18:30 башталат.

🔹Спектакль 
Боромбай бий жана анын доору драматург Кайрат Иманалиевдин "Керээз" тарыхый драмасы 19-кылымдагы Кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны Боромбай Бекмурат уулунун ой дүйнөсүн чагылдырат.Ошол кылымдагы туңгуюкка кептелген кыргыз элинин тарыхый жана андан чыгуунун жолдору Боромбай бийдин дүйнө таанымы,тунук ой сезими жана акыл парасаты аркылуу сүрөттөлөт. Окуянын баардыгы Боромбайдын ой чабыты аркылуу жүрүп олтурат. Кокон хандыгы, Цинь империясы, Россия падышачылыгынын карама каршы саясатынын мезгилиндеги кыргыз элинин башына келген заман өткөөлүндөгү оош кыйыштар Боромбай бийдин көз алдынан өтөт. Айтылуу акын Арстанбекти Анжияндан Ысык-Көлгө алып кеткени, Кыргыздардын курултайы, Ормондун хан шайланышы, Уруу уруулардын пикир келишпестиктери, сырткы күчтөрдүн чабыштыруу саясаты, ар кимдин өз чындыгы бар бирок бири бирине туура келбеген көз караштар, арман, өлүм коштогон өксүктөр, туңгуюктан жол табуу аракеттери, Россиянын курамына кошулуу саясатты, алгачкы орус экспедициясынын, саякатчы Семёнов-Тянь Шаньскийдин, окумуштуу Чохан Валихановдун көлгө келиши окуялардын негизин түзөт. Акылы менен алдыга кадам таштаган, ой калчап сөз барктаган, Акелерди таптаган Боромбай бий оңой тагдыр кечирген эмес. Чырмалышкан татаал тагдыр таразасында акыл менен, сабырдуулук менен кадырын сактап калган. Анын акыл парасаты кыргызга гана эмес коңшу элдерге, Кытай, Орус мамлекеттерине белгилүү болгон. Жанында акылдашаар Сарт Аке менен Тилекмат Аке баштаган акылмандар, Калыгул олуя коштогон көсөмдөр болгон. Энеси Данакан байбиченин акылы, Мүйүздүү Бугу энеден калган осуяттар Боромбайдын кан жанынан өтүп эл жерге кызмат кылуудан, элди аман сактап калуудан ыйык нерсе жок экендигин далилдейт. Уюткулуу кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакырган керээзин калтырат. Ал керээз - Боромбайдын жана анын замандаштары Калыгул Акенин жана Ысык-Көлдүн Жети Акесинин керээзи. Ал керээз - Ормон хандын, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Медет Датка, Ажыбек Датка, Жантай хан, Жангарач баатыр баштаган кыргыздын журт жакшыларынын керээзи. Ал керээз - бүгүнкүгө сабак.

🔷Режиссёру - Марат Козукеев 

 

Возраст / Язык

0+
К.Иманалиев "Керээз" К.Иманалиев "Керээз"