Ф.Достоевский "Мармеладовдор" (трагифарс)

О мероприятии

Дүйнөлүк адабияттагы Ф. М. Достоевскийдин эң негизги романдарынын бири − бүгүнкү күндөгү актуалдуу жана  өтө курч  көйгөйлөр тууралуу биздин театрдын  терең ойлонуусуна түрткү болду. Мармеладовдордун үй-бүлөсүнүн тарыхы «Кылмыш жана жаза» романынын сюжеттик жана идеялык түзүлүшүнүн ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Спектакль, алардын тарыхын жалпы тарыхтан бөлүп алат да, жеткиликтүү айтылбай калган үй-бүлөнүн атасы Семён Захаровичтин, үч чиедей балдары бар катуу оорулуу Катерина Ивановнанын чексиз кайгыларын, ошондой  эле  Сонечка Мармеладованын өз ыктыяры менен курмандыкка баруусун түшүнүүгө аракет кылууга көңүлдү бурат. «Кордолуп, ыза болгондор» жашаган чөйрөнүн өзү да тайсалдап,  маскарапоздонуп аларды кабыл алгысы келбейт. Спектаклде үй-бүлө мүчөлөрүнүн муң-зарын жана каргыштарын угуп, аларды кайгылуу ыры менен колдоого даяр кандайдыр бир жаш жигит аралашып жүрөт

Возраст / Язык

6+
Ф.Достоевский "Мармеладовдор" (трагифарс) Ф.Достоевский "Мармеладовдор" (трагифарс)

Место проведения