С.Ахмад "Куйоо бала"

About event

🧮 3-ноябрь
 
✍️ С.Ахмад
 “Күйөө бала” спектакли 
⏳саат 18:30 башталат.

🔸С.Ахмаддын “Күйөө бала” пьесасы боюнча коюлган спектакль театрдын сахнасында көп жылдан бери  коюлуп келе жатат. Анын бирден бир себеби спектаклдин маанай көтөргөн комедия жанрында  болгондугу. Өзбек элинин менталитети,салт-саанасы жана эмгекчилдигин даңазалаган спектакль  азыркы күндө да өз популярдуулугун жоготпой келет. Спектаклдин негизги өзөгү адам баласы канча бала-чакалуу болбосун баары бир жан шериги болбосо жалгыздыктын азабын тартаарын, “түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк” дегендей, ар үй-бүлөнүн өз түйшүгү бар экендигин баяндайт. Башкы каармандын карыган кезде келин-уул, кыз-күйөөгө айта албай, жалгыздыктын запкы тарткан трагедиясы комедия жанры менен көрүүчүлөргө таасын чагылдырылат.

🔶 Режиссёру- Эльвира Ибрагимова

Age restrictions / Language

0+
С.Ахмад "Куйоо бала" С.Ахмад "Куйоо бала"