А.Несин "Торостук зөөкүр" (драма)
«Торостук зөөкүр» — бул түпкүлүгү крым татарларынан чыккан Түркияда жашаган белгилүү жазуучу-драматург Азиз Несиндин эң белгилүү пьесасы. Көлөкөсүнөн корккон майда чиновниктерди күлкүгө алган автор, өз каармандарынын жашоосуна сүңгүп кирип, алар аркылуу бүтүндөй коомдогу эң актуалдуу, эң курч көйгөйлөрдү суурап көрсөткөн. Азыркы биздин коомго, учурубузга да туура келген андагы олуттуу, кескин көрүнүштөр спектаклде режиссёрдун, актёрлордун чеберчилиги менен ачык-айкын сүрөттөлөт